Марал Радиосу

УКМК: Абхазиядан аткезчилик жол менен унаа ташып келүү схемасы аныкталды

Кыргызстандын «Чалдыбар – унаа жолу» (кыргыз-казак чек арасынын) өткөрмө пунктунда Абхазиядан аткезчилик жол менен унаа ташып келүү схемасы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМКдан белгилешкендей, унаалар Абхазиядан Армениянын жасалма каттоо документтеринин негизинде алынып келип турган.

9-июнь күнү «Чалдыбар – унаа жолу» өткөрмө пунктунда «Вольво» жүк ташуучу унаасы менен 8 жеңил унааны ташып келе жаткан «И.Т.К.» аттуу кыргыз жараны кармалган.

8 автоунаа жүктөлгөн «Вольво» унаасы айып аянтчасына токтотулган.

УКМК ЕАЭБдин Бажы кодексинин 264-275-беренелерине ылайык, Абхазиядан бажы жол-жобосуз алынып келген автоунааларды пайдалануу мыйзамсыз экендигин эске салат. Унааны ЕАЭБ аймагына ташып келүүдө бир жылга берилген убактылуу бажы декларациясын толтуруу керек. Андан кийин ал унаа ЕАЭБдин аймагынан чыгып кетиши керек же бажы жол-жобосунан өтүшү керек.

«ЕАЭБге кирбеген өлкөлөрдөн автоунааларга буйрутма берүүдө жана сатып алууда сак болуңуздар», — деп эскертет УКМК.