Марал Радиосу

Төрт айда Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 2,1 млрд долларды түздү

Быйыл январь-апрель айларында Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 2,1 млрд долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Өткөн жылдын төрт айына караганда быйыл тышкы соода жүгүртүү 13,9%га өскөн. Ошол эле учурда экспорт 8,7%га азайса, импорт 26,2%га көбөйгөн.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен болгон тышкы соода 960,2 млн долларды түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 14,2%га көбөйгөн. Ошол эле учурда экспорт 28,4%га, ал эми импорт 10,6%га өскөн.