Марал Радиосу

COVID-19: Оору 558 адамдан табылып, 9 киши каза болду

Бүгүн, 13-июнга карата Кыргызстанда коронавирус 558 адамдан табылды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Аймактар боюнча алганда, Бишкек шаарында — 231, Ош шаарында — 77, Чүй облусунда — 57, Ош облусунда — 78, Талас облусунда — 9, Нарын облусунда — 13, Ысык-Көл облусунда — 15, Жалал-Абад облусунда — 55 жана Баткен облусунда 23 адамдан коронавирус табылган.

Ошол эле учурда 319 бейтап коронавирустан айыгып чыккан.

Бир күн ичинде коронавирустан 9 киши каза болгон: Бишкекте — 5, Чүй облусунда — 2 жана Ысык-Көл облусунда 2 адам.

Бүгүнкү күнү өлкөнүн ооруканаларында 1 миң 976 адам, ал эми амбулатордук түрдө 2 миң 820 бейтап дарыланууда. Бейтапканаларда дарыланып жаткандардын ичинен 20 адамдын абалы канааттандырарлык, 1 миң 292 киши – орточо оор, 579у – оор жана 85 бейтап өтө оор абалда.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирус жуктурган жалпы 110 миң 370 учур катталды. Анын ичинен 102 миң 633 адам оорудан айыгып чыкты, 1 миң 890 бейтап каза болду.