Марал Радиосу

Кыргызстанда 800 миңден ашык бала кедейчиликте жашайт

Былтыр Кыргызстанда 17 жашка чейинки 833,9 миң бала кедейчиликте жашаган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин билдиришти.

2020-жылы 1 млн 678 миң адам кедейчиликте жашаган. Алардын 73,7%ы айыл жергесинин тургундары болушат.

Кедейчиликтин жалпы чегинин нарктык көлөмү 35 миң 268 сомду, ал эми анын төмөнкү чеги 19 миң 774 сомду тузгөн.

Былтыр мурдагы жылга салыштырмалуу кедейчилик Ош шаарында 6%га жана Талас облусунда 0,8%га азайган. Ал эми калган аймактарда – Жалал-Абад облусунда кедейчилик 10,3%га, Нарында – 8,7%, Чүйдө – 6,3%, Ошто – 4,8%, Ысык-Көлдө – 3,5%, Баткенде 2,1% жана Бишкек шаарында 4,9%га өскөн.

Кедейчилик шарттарында турган адамдардын 58%ы Жалал-Абад, Ош жана Чүй облустарында жашашкан.