Марал Радиосу

Быйыл беш айда Кыргызстандын ИДПсы 215 млрд сомдон ашты

Быйыл январь-май айларында Кыргызстандын Ички дүң продукциясы (ИДП) 215 млрд сомдон ашты. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Былтыркы жылдын беш айына салыштырмалуу ИДП 1,6%га азайган. Ошол эле учурда «Кумтөр» ишканаларын эсепке албаганда ал 192 млрд сомдон ашып, 3,5%га көбөйгөн.

ИДПнын төмөндөшү курулуш, өндүрүш тармагына байланыштуу болгон.