Марал Радиосу

Мыйзамсыз жер сатканы үчүн Баткен шаарында 5 адам камалды

Баткен

Баткен шаарындагы жер тилкелерин жасалма документ аркылуу саткан коррупциялык чынжырча аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди.

Маалым болгондой, Баткен шаарында 2010-жылдан ушул күнгө чейин жасалма документтердин негизинде турак жай куруу үчүн 77 жер тилкеси берилген.

Баткен шаарынын мурдагы мэри С.С. жасалма токтом аркылуу жер тилкелерин 40 миң сомдон 70 миң сомго чейин саткан. Ошол эле учурда Баткен облустук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысынын орун басары Э.К. ушул жасалма токтомдун негизинде 100 сомдон 200 миң сомго чейинки акчага архитектуралык документтерди даярдаган. Бул документтердин аткарылышын «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Баткен облустук бөлүмүнүн башкы адиси Н.Б. жүргүзүп, эмгек акысына 5-10 миң сомдон алып турган. Коррупциялык схеманы ишке ашырууда шаардын тургундары С.Ж. жана У.Д. ортомчулук милдет аркалап, кардар таап бергени үчүн 60 миң сомдон 100 миң сомго чейин пайда көрүшкөн.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жогоруда аталган жарандар Баткен облустук ИИБнин убактылуу кармоочу жайына камалды. Учурда иштин бардык жагдайларын аныктоо, фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

Маалымат катары айта кетсек, Баткен шаарында учурда мыйзамдуу жер тилкеси 400 миң сомдун тегерегинде сатылат.