Марал Радиосу

УКМК: Ош облусунда майнинг-ферманын мыйзамсыз ишине бөгөт коюлду

Энергетика тармагындагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, ошондой эле республикада электр энергиясынын жетишсиздигин эске алып, Ош облусунан электр тармактарына ири зыян келтирген майнинг-ферманын (криптовалют өндүрүшүнүн) мыйзамсыз иштерине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кара-Суу районунун Кожокелен айылынан майнинг-ферма иш жүргүзгөнү аныкталды.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүмү боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кылмыш иштин алкагында майнинг иштерин уюштуруу үчүн 650гө жакын жабдуулар табылып алынды.

Азыркы учурда УКМК тарабынан мыйзамсыз иш-аракеттерге тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар улантылууда. 

Тергөө иштери жүрүп жатат.