Марал Радиосу

Самат Исманов: Мамлекет стартаптарга көңүл бурушу керек

Мамлекет стартаптарга көңүл бурушу керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Самат Исманов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда билимдүү, илимдүү жаштар көп. Аларды мекенинде кармап калуу үчүн жумушчу орун түзүп берүү керек.

«Стартап баштап, колдоо көрбөй башка мамлекетке кетип калган балдар көп. Андай стартаптарды мамлекет жеңилдик менен насыя берип, ссуда берип, колдоп турушу керек. Келечекте ошол жаш бала салык төлөйт, ал салыкка жол, бала бакча, мектеп салынат», — дейт депутат.