Марал Радиосу

Баткен: Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебинде дээрлик 3,5 млн сом чогулду

Кыргыз-тажик чек арасында болгон жанжал учурунда Баткен облусуна келтирилген зыянды калыбына келтирүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан ачылган эсепке жалпы 3 млн 463 миң 319 сом келип түштү.

Министрликтен белгилешкендей, 3-11-июнь күндөрү атайын эсепке 560 миң 393 сом которулган.