Президент Садыр Жапаров 9-10-июнь күндөрү Түркияга иш сапар менен барып кайтты. Анда президент Режеп Тайип Эрдоган менен, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушууларды өткөрдү. Расмий сапардын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду.
Мындан сырткары Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда товар жүгүртүүнүн көлөмүн 1 миллиард долларга жеткирүү тууралуу бир топ жылдан бери айтылып келген планды кайталап, эки өлкө ортосундагы учак каттамы көбөйө турганын жарыялады. Ал эми Садыр Жапаров сүйлөшүүлөрдүн алкагында аскердик кызматташтык тууралуу сөз кылганы менен бул багытта конкреттүү келишим болгону белгисиз бойдон калды.
Ошентип Жапаровдун иш сапары жыйынтыкталды. Өлкө башчынын Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен алгачкы жолугушуусу «жакшы» деп бааланууда. Антсе да «канчалык натыйжалуу болду?» деген суроо жаралбай койбойт. Ушул суроону эксперттерге берип көрдүк.
Саясат талдоочу Алмаз Тажыбай мындай келишимдерге буга чейинки президенттер да кол коюп келгенин эске салып, аларды «стандарттуу документтер» деп сыпаттады. Анын айтымында, Жапаров Түркияга Эрдоган менен жакындан таанышып, өзүнө болгон ишенимди арттыруу үчүн барды. Ошондуктан «иш сапар натыйжалуу болду» деген сыпаттоолор суу кечпейт.
«Бул — стандарттуу келишимдер. Мурдагы президенттер да ушул эле инвестиция, маданият жаатында кызматташтык документтерине кол коюп келишкен. Негизги максат: Жапаров Эрдоган менен жакындан таанышып, өзүнө кандайдыр бир ишеним туудурганга барган».
Алмаз Тажыбай «Түркия Кыргызстанга аскердик кызматташууда жардам берет» деген билдирүүлөргө кошулбайт. Себеби азыр модернизация жүрүп жаткандыктан Түркия курал-жарактарды, заманбап учактарды бекер бербейт, кааласак каражатка сатып алабыз.
Ал эми саясат таануу илимдеринин доктору Азамат Темиркулов президенттин Түркиядагы иш сапары жогорку деңгээлде өткөнүн, кол коюлган документтер ишке ашса, жакшы майнап чыгарын белгиледи. Муну менен катар ал сүйлөшүүлөрдүн негизинде эгерде Кыргызстан Түркия менен коопсуздук жана аскердик жактан кызматташса, коңшу өлкөлөр менен мамиле кандай болорун айтып берди.
«Эгерде Түркия менен аскердик жактан кызматташсак, анда башка өлкөлөр менен, мисалы, Кытай, Орусия менен мамилебиз кандай болот? — деген суроо туулат. Түркия менен маданият же экономика жактан кызматташып, мамилебизди бекемдесек, албетте, Орусиянын, Кытайдын кызыкчылыктарына эч кандай карама-каршылык болбойт. А бирок коопсуздук, аскердик жактан кызматташсак, анда алардын кызыкчылыктары биздин аймагыбызда өтө чоң болгондуктан, терс таасир тийгизип коюшу толук мүмкүн».
Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Кубан Абдымендин айтымында, буга чейин да айтылып келген эки өлкө ортосунда товар жүгүртүүнүн көлөмүн 1 миллиард долларга жеткирүү келишими «эртең эле» ишке ашып кетпейт. Ал Түркиянын экономикасы Кыргызстандан бир топ алдыда экенин эске салып, алардан бизге келип жаткан товарлардын көлөмү 5-6 эсе көп экенин баса белгилеп, муну Кыргызстандагы мүмкүнчүлүктүн толук иштебей жатканынын белгиси катары сыпаттады.
«Бул келишим кагазга кол коюлгандан кийин эле автоматтык түрдө ишке ашып кетет дегенге болбойт. Ал үчүн эки тарап бирдей аракет кылышы керек. Түркиянын экономикасы Кыргызстанга караганда бир топ алдыда экени белгилүү. Андыктан алардын потенциалы күчтүү. Бирок ошентсе да 1 миллиард долларга чейин чыга элек. Ошол 1 миллиардга чыкпай турганы — Кыргызстандын потенциалы жакшы иштебей жаткандыгынын белгиси».
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун Түркияга болгон иш сапарынын алкагында кол коюлган келишим, меморандумдардын көбү айыл чарба, маданият, спорт жана жаштар маселелери жаатында болду.