Марал Радиосу

Улуу Британияда G7 саммити башталууда

G7 summit or meeting concept. Row from flags of members of G7 group of seven and list of countries, 3d illustration

Бүгүн, 11-июнда Улуу Британияда G7 саммити башталууда. Бул тууралуу telegraf.by жазды.

Пандемия башталгандан бери G7ˈнин лидерлери жолугушууну көзмө-көзмө өткөрөт. Чоң жетинин лидерлеринен тышкары саммитке Индия, Түштүк Корея, Австралия, Түштүк Африка жана башка мамлекеттердин башчылары катышат.

Жолугушууларда дүйнөлүк саламаттыкты сактоо системасы, климаттын өзгөрүшү, соода жана башка маселелер каралат.

Саммиттин алкагындагы расмий кездешүүлөр 12-июнда башталат. Анын көбү жабык эшик аркасында жүргүзүлөт.

Саммиттин соңку күнүндө, 13-июнда Улуу Британиянын өкмөт башчысы Борис Жонсон маалымат жыйын өткөрөт.

Эскерте кетсек, Чон жетиге Улуу Британия, Германия, АКШ, Канада, Япония, Франция жана Италия кирет.