Марал Радиосу

УКМК: ИИМдин тергөөчүсү пара алып кармалды

Ички иштер министрлигинин тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди.

Маалым болгондой, «У.Э.К.» аттуу тергөөчү жазык ишинин фигуранты болгон адамдан ишти токтотуу үчүн акча талап кылганы аныкталган.

9-июнь күнү ИИМдин ички иликтөө кызматкерлери менен УКМК кызматкерлери тергөөчүнү кызматтык бөлмөсүнөн 500 доллар пара алып жаткан жеринен колго түшүргөн.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (Опузалап пара алуу) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Кармалган адам УКМКны убактылуу кармоочу жайына камалган. Учурда тергөө жүрүп жатат.