Марал Радиосу

Футбол: Мирлан Мурзаев Кыргызстан-Мьянма беттешинде хет-трик жасады

Кыргызстан курамасынын футболчусу Мирлан Мурзаев бүгүн, 11-июнда Мьянма менен болгон оюнда хет-трик жасады.

Белгилей кетсек, Кыргызстан Мьянманы 8:1 эсебинде жеңип алды.

Мурзаев биринчи голун 1-таймдын кошумча берилген мүнөтүндө киргизди. Экинчи голду 61 жана үчүнчүнү 78-мүнөттө киргизди. Муну менен Мурзаев Кыргызстандын курамасы үчүн хет-трик жасаган үчүнчү футболчу болуп калды.

Буга чейин Виталий Люкс 2019-жылы өткөн Азия Кубогунда Филиппиндер менен болгон оюнда хет-трик жасаган. Андан кийин 2019-жылы Дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагында Мьянма менен болгон беттеште Эдгард Бернхард аатандаштарына 3 гол киргизген.