Марал Радиосу

Кыргызстанда Казань федералдык университетинин филиалы ачылышы мүмкүн

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Татарстандагы Казань федералдык университетинин ректору Ильшат Гафуров менен жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Кыргызстан жана Татарстандын ортосундагы билим берүү жана илим жаатындагы эки тараптуу кызматташтык маселеси талкууланды.

Тараптар Кыргызстанда Казань Федералдык университетинин филиалын ачуу мүмкүнчүлүгүн талкуулап, бул маселенин ишке ашырылышына кызыкдар экенин белгилешкен.

«Билим берүү жана илим жаатындагы кыргыз-татар кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн бардык өбөлгөлөр бар. Республикабыздын билим берүү секторуна Татарстандын гана эмес, жалпы Орусиянын алдыңкы билим берүү мекемелеринин биринин келиши жергиликтүү жогорку билим берүү тутумунун өнүгүүсүнө оңдуу түрткүсүн берет деп ишенем. Биз Орусия, анын ичинде Татарстан менен билим берүү жана илим жаатындагы узак мөөнөттүү, ырааттуу жана жемиштүү кызматташууну жогору баалайбыз», — деди Марипов.

Тараптар билим берүүнүн акыркы технологияларын жайылтуу, Кыргызстандын тиешелүү жогорку окуу жайлары менен Казань федералдык университетинин ортосунда адистерди даярдоо сапатын аныктоочу жаңы стандарттарды калыптандыруу жана ишке киргизүү боюнча кызматташууну активдештирүүгө даяр экендигин белгилешти.

Ильшат Гафуров университеттин филиалынын ачылышын пландаштыруу билим берүү жана илим жаатындагы кыргыз-татар кызматташтыгын бекемдөөгө жана чыңдоого өбөлгө түзөт деген ишенимин айткан.

Анын айтымында, учурда билим берүү мекемеси 87 адистик боюнча кадрларды даярдоодо. Ал кошумчалагандай, университет өлкөнүн ЖОЖдору менен «2+2» жана «3+1» биргелешкен билим берүү программаларын иштеп чыгуу боюнча активдүү ишти баштоого даяр.

Улукбек Марипов Билим берүү жана илим министрлигине Кыргызстан жана Татарстандын ЖОЖдору ортосунда кызматташуу боюнча Жол картасын даярдоону тапшырды.

Маалымат үчүн:

Орусиянын өкмөтү жыл сайын Кыргызстандын жарандары Орусиянын жогорку окуу жайларында билим алуусу үчүн квота бөлүп берет.

Учурда Орусиянын ЖОЖдорунда 15 миң 557 кыргызстандык жаран билим алууда, алардын 6 миң 567си  — бюджеттик негизде.

Казань Федералдык университетинде 2020/21-окуу жылында биздин өлкөнүн 91 жараны билим алууда.

Exit mobile version