Марал Радиосу

Жээнбеков: Базасын чыгаруу менен АКШ менен мамилени жоготуп алдык

Американын аскерий базасын өлкөдөн чыгаруу менен биз алардан түшкөн акчаны гана эмес, алар менен мамилени да жоготуп алдык. Мындай пикирин саясатчы, экс-депутат Равшан Жээнбеков «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, база Кыргызстанда турганда жыл сайын бюджетке түздөн-түз 60 млн доллардын тегерегинде акча түшүп турчу, кыйыр түрдө жалпысынан 100-150 млн доллар түшчү.

«База Кыргызстанга Америка менен сүйлөшүүдө канал катары кызмат кылчу. Аны шылтоо кылып, башка маселени чечкенге мүмкүнчүлүк болчу. Биз ошону жоготуп алдык», — дейт ал.