Марал Радиосу

Министр: Чет өлкөгө мал сатууга салынган тыюуну узартуу планда жок

Чет өлкөлөргө тирүү малды сатууга убактылуу салынган тыюуну узартуу планда жок. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков «Маралга» берген маегинде билдирди.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын 19-ноябрында ал кездеги Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Кыргызстанда эттин кескин кымбаттап кетишине байланыштуу бодо малды чет өлкөгө сатууга тыюу салган.

«Токтом бир катар өзгөртүүлөр менен 2021-жылдын 8-январында 6 айга деп кабыл алынган. 8-июлда күчүн жоготот. Азырынча аны узартууну болжогон жерибиз жок. Бирок жердештерге айта кетүүчү нерсе — көбү эле тирүү мал сатканга кызыгып атат. Биз кошумча киреше табуу үчүн андан кетишибиз керек. Биз эт сатышыбыз керек, сапаттуу эт. Эт сатууга тыюу салынган эмес», — деди министр.