Марал Радиосу

Айсулуу Тыныбекова Poland Open мелдешинин финалына чыкты (видео)

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Poland Open мелдешинин финалына чыкты.

Тыныбекова финалдык беттеште алтын үчүн канадалык Ана Паула Гонсалес (Ana Paula Godinez Gonzalez) менен күч сынашат.

Ал чейрек финалда орусиялык Любовь Овчарованы, жарым финалда дагы бир орусиялык балбан кыз Светлана Липатованы жеңген.

Poland Open мелдеши Польшанын Варшава шаарында өтүүдө.