Марал Радиосу

«40 жаштан өткөндөр көз дарыгерине текшерилип туруусу керек»

Кырк жаштан ашкан адамдар бир жылда бир жолу, же ар бир алты айда бир жолу көз дарыгерине барып, текшерилип туруусу зарыл. Бул тууралуу офтальмолог Жаркын Боромбаева «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бул жаш өйдөлөгөндө пайда болуучу көз ооруларынын алдын алууга шарт түзөт.

Көз ооруларынын ар кандай түрлөрү бар, анын эң негизгиси  -глаукома. Бул көздүн кан басымынын көтөрүлүшү. Жакшылап дарылабаса, өз убагында карабаса, көрүүнү 80%га жок кылат. Андан тышкары кант диабетинин кесепети, артериялык кан басымынын көтөрүлүшүнүн кесепети, кары адамдардын макулодистрофия деген оорусу бар. Ошолордун алдын алуу керек.