Марал Радиосу

Жапаров Эрдоганды Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды (видео)

Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганды Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.  Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

«Садыр Жапаров менен Режеп Тайып Эрдоган Анкарадагы президенттин сарайынын панорамасында жылуу маанайда баарлашты. Кыргызстандын лидери коштошуп жатып, түркиялык кесиптешин да өлкөгө расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды», — деп жазган ал Фейсбуктагы баракчасына.

Белгилей кетсек, учурда Жапаров Түркияда расмий сапар менен жүрөт.