Марал Радиосу

«Кыргыз киносун өнүктүрүү» фонду түптөлдү

Бишкекте «Кыргыз киносун өнүктүрүү» фонду түптөлдү. Бул тууралуу фонддун директору Адил Урдинов «Маралга» маалымдады.

Фонд улуттук кино өндүрүшүн өнүктүрүүгө салым кошуу, жаш режиссёрлорго көмөк көрсөтүү максатында уюшулган.

— «Кыргыз киносун өнүктүрүү»фондуна Кыргызстандын жаш кино жаратуучулары, фильм тартам деген таланттар кайрылса болот. Бизге эгерде ал тасманын сюжети, маани-мазмуну, бюджети туура келсе, конкурс уюштуруп, андан өткөндөрдү каржылайбыз. Ал жакта өзүнүн алгоритмдери, системалары бар. Демек, бизге кайрылган кинокомпанияны карап чыгып, кайсыл жагынан көбүрөөк пайда түшөрүн изилдеп, ошол тарапка басым жасайбыз, — деди Адил Урдинов.

Белгилей кетсек, фонд ачуу идеясын «Азия MIX» КВН командасынын жетекчиси, шоумен Эльдияр Кененсаров сунуштап, алгачкы капиталды Бабур Төлбаев салган.