Марал Радиосу

Сүт азыктарын экспорттоо акыркы 5 жылда 2 эсе өстү

Сүт азыктарын экспорттоонун көлөмү акыркы 5 жылда 2 эсе өстү. 2020-жылы (2016-жылы 20 миң тонна) экспорттук жөнөтүүлөрдүн жалпы суммасы 46 млн долларга, дээрлик 35 миң тоннага жетти. Мындай маалыматты Улутстатком жарыялады.

Азыркы учурда сырткы рынокко негизги сүт жана сүт азыктарынан ак май, сырлар жана быштак, сүт жана суюк, кургак каймак, ошондой эле сүт жана суюк каймак, кычкыл сүт азыктары жөнөтүлүүдө.

Сүт азыктарынын экспортунун акыркы 5 жылдагы көрсөткүчтөрү
(миң тонна)

Сүт азыктары экспортко, негизинен Казакстанга жөнөтүлдү, коңшу өлкөгө 2020-жылы 24.1 млндолларга продукция жиберилсе, бул продукциянын экспортунун жалпы көлөмүнүн 52%дан ашыгын түзөт, ошондой эле Орусияга (21 млн долларга же 46%) жөнөтүлгөн. Сүт жана сүт азыктары Өзбекстан (705 миң доллар) жана Тажикстан (217 миң доллар) сыяктуу өлкөлөргө да экспорттолот.