Марал Радиосу

Таласта Бабановду колдогон митинг өтүп жатат

Талас облустук драма театрынын алдында мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун тарапташтары тынчтык митингине чыгышты. Маалыматты активист Мирсулжан Намазалиев тастыктады.

Митингге 3 миңге жакын адам катышууда.

Алар «Кумтөр» иши боюнча коррупцияга шектелип, 2 айга камалган Бабановдун бошотулушун талап кылып жатышат.