Марал Радиосу

Уланбек Калманбетов Архитектура агенттигинин директору болуп дайындалды

Уланбек Калманбетов Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Эскерте кетсек, Калманбетов ушул жылдын 15-апрелинде Транспорт, курулуш, архитектура жана коммуникациялар министринин орун басары болуп бекитилген.

Exit mobile version