Марал Радиосу

Шашылыш билдирүү: Бишкекте бир сааттын ичинде катуу шамал болот

Бишкек жана Чүй өрөөнүндө жакынкы бир сааттын аралыгында жана кечинде катуу шамал болуп, күн күркүрөшү ыктымал. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертти.

Маалыматка ылайык, шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн. Буга байланыштуу министрлик шаардыктарды этият болууга чакырууда.