Марал Радиосу

8-11-июнь күндөрү Жумгал районундагы каттоо бөлүмдөрү иштебейт

8-11-июнда электр энергиясынын өчүрүлүшүнө байланыштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Жумгал районундагы бөлүмдөрү иштебейт.

Каттоо кызматынан белгилешкендей, 8-11-июнь күндөрү Жумгал райондук жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты каттоо жана паспорттоштуруу бөлүмүндө жана «Унаа» мамлекеттик мекемесинин Нарын аймактык бөлүмүнүн Жумгал секторунда калкты каттоо, жарандык абалдын актыларын каттоо, транспорт каражаттарын каттоо, курсанттарды тестирлөө кызматтары көрсөтүлбөйт.

Ошол эле учурда аталган бөлүмдөрдүн кызматкерлери жарандарга документ алуу боюнча кеңеш берип иштейт.

Мурда калтырылган арыздар боюнча паспорт жана айдоочулук күбөлүктөр графикке ылайык берилет.