Бүгүн, 8-июнга карата Кыргызстанда коронавирус 379 адамдан аныкталды. Бул тууралуу брифингде Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматулаев билдирди.
Аймактар боюнча алганда, Бишкек шаарында — 149, Ош шаарында — 50, Чүй облусунда — 96, Ош облусунда — 32, Талас облусунда — 1, Нарын облусунда — 5, Ысык-Көл облусунда — 25, Жалал-Абад облусунда — 22, Баткен облусунда — 9 адамдан илдет табылган.
Ошол эле учурда 311 бейтап коронавирустан айыгып чыккан.
Бир күн ичинде коронавирустан Бишкекте 7 киши каза болгон.
Бүгүнкү күнү өлкөнүн ооруканаларында 1 миң 765 адам, ал эми амбулатордук түрдө 2 миң 16 бейтап дарыланууда.
Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирус жуктурган жалпы 107 миң 714 учур катталды. Анын ичинен 101 миң 33 адам оорудан айыгып чыкты, 1 миң 859 бейтап каза болду.