Марал Радиосу

2020-жылы АКШнын өзөктүк куралга кетирген чыгымы 37,4 млрд доллар түзгөн

2020-жылы АКШнын өзөктүк куралга кетирген чыгымы 37,4 млрд доллар түзгөн. Бул тууралуу өзөктүк куралга тыюу салуу боюнча эл аралык өнөктүктүн баяндамасында айтылат.

Баяндамадагы маалыматка ылайык, былтыр өзөктүк куралга ээ өлкөлөрдүн жалпы чыгымы 72,6 млрд доллар болгон.

Өзөктүк куралга көп каражат сарптаган беш өлкөнүн ичинде АКШ биринчи орунда турат. Ал эми экинчи орунда турган Кытай өзөктүк куралга 10,1 млрд, Орусия 8 млрд, Улуу Британия 6,2 млрд жана Франция 5,7 млрд доллар сарптаган.