Марал Радиосу

Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын саны азайды

Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын саны азайды. Бул тууралуу «РИА Новости» агенттигине курган маегинде Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат билдирген.

Анын айтымында, пандемиядан улам чек аралар жабылып, аба каттамдардын саны кыскарып, билет баасынын кымбаттаганына байланыштуу Орусиядагы кыргызстандык жарандар азайган.

Маселен, 2019-жылдын аягында Орусияда 1 млн 55 миң кыргызстандык жаран иштеп жаткан болсо, 2020-жылдын соңунда алардын саны 720 миңди түзгөн.