Марал Радиосу

Парламенттик комитет Азербайжандагы элчи кызматына Осмоналиевдин талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстандын Азербайжандагы элчи кызматына Кайрат Осмоналиевдин талапкерлигин колдоду.

Парламенттин тармактык комитетине Осмоналиевдин талапкерлигин Тышкы иштер министрлиги сунуштаган.

Эскерте кетсек, Кайрат Осмоналиев – КР эмгек сиңирген юристи, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү.