Марал Радиосу

Twitter акы төлөп катталуу кызматын кошууну көздөп жатат

Twitter социалдык тармагы Super Follows — акы төлөп катталуу кызматын ишке киргизүүнү пландоодо. Бул тууралуу The Verge басылмасы тиркемелерди изилдөөчү Жейн Манчун Вонгго таянып жазды.

Super Follows кызматы аркылуу «Твиттердин» колдонуучулары өздөрүнүн катталуучуларынан акы алып, кошумча контентти сунуштай алат.

Бирок Super Follows кызматынын талаптарына ылайык колдонуучунун жашы 18ден жогору, 10 миңден кем эмес катталуучусу болуп, бир айда кеминде 25 твит жасоосу шарт.