«Кумтөр» иши боюнча 2 айга тергөө абагына камакка алынган экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов элге кайрылуу жолдоду.
Ал кайрылуусунда «Кумтөр» иши боюнча өзүн күнөөсүз атап, соттук териштирүүлөргө журналисттерди да киргизүү өтүнүчү сот тарабынан четке кагылганын айткан. Ошондой эле ал өзүнө коюлган айыптоолорду эч нерсеге жараксыз, акылга сыйгыс катары сыпаттаган.
Бабанов өзүнө коюлуп жаткан айып боюнча төмөнкүлөрдү билдирген:
«Мени «Кумтөр» менен сүйлөшүп алган деп айыптап жатышат. Бирок, бул суу кечпеген, болбогон нерсе! Андай болсо:
- Ким Кумтөрдөн 16 миң 300 гектар жерди мамлекетке кайтарды?
- Ким Жогорку Кеңештин чечиминен кийин дароо мамлекеттик комиссия түздү? Мамлекеттик комиссия 2012-жылы 3-июлда түзүлгөн, 2012-жылдын 1-октябрында Өкмөткө, 2012-жылдын 1-ноябрында Жогорку Кеңешке отчет бермек. Башкача айтканда, жыйынтык чыгарууга болгону үч ай берилген.
- Премьер-министрлердин ичинен кимиси «Центерранын» экологиялык кылмыштарын эл алдында ачыктап, келишимди өзгөртүү керек деп кимиси ачык айтып чыкты эле?
- Премьер-министрлердин ичинен кимиси «Кумтөрдү» калктын начар жашаган аялуу катмарына жардам катары 21 млн доллар өлчөмүндө каражат бөлүп берүүгө мажбур кылды эле?
Мени ушул иштерим үчүн соттоп жатабы?»
Ал бийликте турганда Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн күрөшкөнүн, өлкөнүн пайдасы үчүн «Центерра» менен конфликтке барганын белгилейт.
Анын айтымында, ага «премьер-министр болуп турганда Жогорку Кеңештин депутаттарын убактылуу комиссиянын отчетуна каршы добуш берүүгө үндөгөн» деген айып коюлуп жатат. Бабанов мунун баарын четке кагып, 2010-2012-жылдардагы Жогорку Кеңештин чакырылышы өтө эркин болгон деп эсептеп, төмөнкү учурларды белгилеп өткөн:
«1. 2010-2012-жылдары тарыхта Жогорку Кеңештин депутаттары өз алдынча жана өкмөттөн көз каранды эмес учуру катары калды. Жогорку Кеңеш мени жана менин Өкмөтүмдү кандай катуу сындаганы эсиңиздерде бардыр? Бизди отставкага кетирүүгө аракет кылып, ишеним көрсөтпөө жарыялашкан. Жыйынтыгында, алар максатына жетип, коалицияны ыдыратып, мен 31-августта отставкага кеттим.
2. Керек болсо «Республика» фракциясындагы менин үзөңгүлөштөрүм да бир кылка эмес, өз көз караштарына жараша добуш беришкен. Арасында «макул» же «каршы» добуш бергендери да бар, добуш бербей койгондору да бар. Ушунун өзү керек болсо фракциядагы депутаттар да чечимди жеке өздөрү кабыл алган дегенди далилдеп турбайбы?
3. Эмне үчүн коалицияны бузуп, мени отставкага кетүүгө мажбур кылган башка фракциялардагы депутаттардын көпчүлүгү — депутаттык комиссиянын отчетуна каршы добуш беришкен? Эгер мен алар менен сүйлөшүп алган болсом, алар коалицияны ыдыратпай койбойт беле?
Айыптоонун дагы бир акылга сыйбас жүйөсү – мен «Кумтөрдү» текшерүү боюнча (өзүм түзгөн) Мамлекеттик комиссиянын ишине тоскоолдук жаратып, «анын ишин ары-бери сүйрөө» жолуна багыттаптырмын. Бул маанисиз, негизсиз!
1. 2012-жылдын 27-июнунда Жогорку Кеңеш өзүнүн токтому менен 2012-жылдын 10-июлуна чейин мамлекеттик комиссия түзүү тапшырмасын берет. Мен мамлекеттик комиссияны 2012-жылдын 3-июль күнү түздүм. Мамлекеттик комиссия 3 айдын ичинде, б.а. 2012-жылдын 1-октябрына чейин көз карандысыз жана эл аралык эксперттерди тартуу менен «Центерранын» бардык кылмыштарын жана мыйзам бузууларын аныктап, чечим чыгарып жана Өкмөткө отчет бериши керек болчу жана 2012-жылдын 1-ноябрына чейин Жогорку Кеңешке отчет бериши керек эле.
2. Мен мамлекеттик комиссиянын жетекчиси катары Экономика министри Темир Сариевди дайындадым. Эгер мен кандайдыр-бир тоскоолдуктарды жараткым келсе, анда эмнеге күчтүү саясатчы, апрель революциясынын башында тургандардын бирин дайындайм? Мамлекеттик комиссиянын курамын карап көрүңүздөр, курамы өтө күчтүү адистерден түзүлгөн. Ошол эле Алмамбет Шыкмаматов, ошол эле белгилүү эколог Калия Молдогазиева, ошол эле депутаттык комиссияга катышкан депутаттар…
Эгер мен бул ишти созуп, тоскоолдук жараткым келсе, өз пикири бар, көз карандысыз адамдарды чогултат белем? Ошондой эле, экология боюнча эксперт катары Д.А. Кутманова чакырылган.
3. Мен «Кумтөргө» барганымда Мамлекеттик комиссиянын суроолоруно жооптуу жана зарыл документтерди 1-2 күндөн кечиктирбей берип тургула деп жетекчилигине так кесе айткам (интернетте видеолор бар, көрсөңүздөр болот). Андан тышкары, мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен биздин мамлекеттин үлүшүн көбөйтүү жагына карайбыз дегем. Мен мамлекеттик комиссиянын ишине, тескерисинче, жардам берген болуп жатпаймынбы? Бул далил эмеспи?
Андан кийин мамлекеттик комиссия 2012-жылдын 3-июлунда түзүлгөн болсо, мен ошол эле жылдын 31-августунда кызматтан кетип жатсам, кантип комиссиянын ишине кийлигише алмак элем?
Дагы бир нерсе, 2016-жылы парламентке Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүн өздөштүрүү тууралуу мыйзамды алып келишкенде жеке мен жана биздин фракция каршы добуш бергенбиз. Бул менин «Центеррага» системдүү түрдө каршы чыгып жүргөнүмдүн дагы бир далили! Мага 2012-жылдын акырына чейин иштегенге мүмкүнчүлүк бербей коюшканы өтө өкүнүчтүү – биз «Кумтөрдөгү» Кыргызстандын үлүшүн сөзсүз түрдө 70%га жеткирип, Кыргызстан өзү «Кумтөрдү» башкарып калмак!»
Бабанов сөзүн чындык жеңерине ишеним артуу менен жыйынтыктаган.
Эскерте кетсек, Бабанов «Кумтөр» иши боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү («Коррупция») боюнча камакка алынган.