Марал Радиосу

Быйыл беш айда Кытайдын тышкы соода жүгүртүүсү 2 трлн доллардан ашты

Быйыл беш айда Кытайдын тышкы соода жүгүртүүсү 14,76 трлн юанды (дээрлик 2, 31 трлн доллар) түздү. Бул тууралуу «Синьхуа» агенттиги жазды.

Кытайдын Башкы бажы башкармалыгынын маалыматы боюнча, тышкы сооданын көлөмү 2019-жылдын беш айына караганда 21,6%га арткан.

Ошол эле учурда Кытайдын экспорту 23,6%га, ал эми импорту 19,2%га көбөйгөн.