Марал Радиосу

Трамп COVID-19 алып келген зыян үчүн Кытайдан 10 трлн доллар төлөөсүн талап кылды

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп COVID-19 алып келген зыян үчүн Кытайдан 10 трлн доллар төлөөсүн талап кылды.

Анын айтымында, Кытай коронавирус пандемиясына жооптуу болгондуктан АКШга экономикалык зыян тартканы үчүн кенемте төлөп бериши зарыл.

«Кытайдын Коммунисттик партиясынан репарацияларды талап кылабыз. Кытай (зыянды — ред.) төлөп бериши керек», — деген ал.

Аны менен бирге, ал Кытайга бересеси бар өлкөлөр карызды кайтаруудан баш тартышы керектигин билдирген.