Марал Радиосу

Өзбекстан 2 миң жана 20 миң сумдук банкноталарын жүгүртүүгө чыгарат

Өзбекстан 14-июндан тарта 2 миң жана 20 миң сумдук банкноталарын жүгүртүүгө чыгарат. Бул тууралуу Өзбекстандын Борбордук банкынын сайтында айтылат.

Жаңы номиналдагы акчалардын тематикасы Улуу Жибек Жолуна, ошондой эле Каракалпакстан менен Бухаранын шаарынын тарыхына арналган.

Эскерте кетсек, учурда Өзбекстанда 1 000, 5 000, 10 000, 50 000, 100 000 миң сумдук банкноталар жана 50, 100, 200, 500 сумдук тыйындар  колдонулуп келет.