Марал Радиосу

«Кыргызстан тажик тараптан келе турган бардык нерсеге даяр турушу керек»

Кыргызстан Тажикстан тараптан жасала турган бардык нерсеге даяр турушу керек. Мындай пикирин Баткен облусунун экс-губернатору Султанбай Айжигитов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, алдыда Тажикстан же биз менен сүйлөшүүлөргө барып, эки жакка тең пайдалуу келишимдерге келет, же маселени күч менен чечем деп аракет кыла берет.

«Биз окуянын эки жаатта тең өнүгүшүнө даяр болушубуз керек. Бул үчүн өлкөнү экономикалык жактан өнүктүрө берүү зарыл. Коопсуздукту, территориялык бүтүндүктү сактоо үчүн чара көрүшүбүз керек. Мунун баарын ылдамдатылган темпте жасашыбыз керек. Башкача айтканда, бизге Өнүгүүнүн ылдамдатылган темпи программасы керек», — дейт Айжигитов.

Мындай программалар дүйнө жүзүндө иштетилип эле жүрөт. Мисалы: Германия, Кытай, Малайзия, Корея ушул программа менен өнүгүп атышат. Мындай программа менен Кыргызстанды 5 жылдын ичинде жакырчылыктан чыгарып кетсе болот.