Марал Радиосу

УКМК: Бишкек мэриясынын бухгалтери пара берип жатып кармалды

4-июнда «Н.П.» аттуу жаран коопсуздук органынын кызматкерине 50 миң сом пара берип жаткан жеринен кармалды.Бул тууралуу УКМКнын маалымат бөлүмү билдирди.

Маалым болгондой, Бишкек мэриясына караган муниципалдык ишканалардын биринин башкы эсепчиси «Н.П.» каржылык мыйзам бузуулар боюнча арызды кароону токтотуу үчүн УКМК кызматкерине пара сунуштаган.

УКМК арызды кароо учурунда муниципалдык ишканада бир катар каржылык мыйзам бузуулар болгонун аныктаган.

Бул фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 328-беренесинин 2-бөлүмү менен кылмыш иши козголду. Учурда  ыкчам тергөө жүрүп жатат.