Марал Радиосу

Бишкектин айрым маршруткалары бүгүн кайрадан ишке чыгышты

Бүгүн, 6-июнда маршруттук таксилердин айдоочулары кайрадан каттамга чыгышты. Бул тууралуу шаар тургундары айтышууда.

Айдоочулардын биринин айтымында, эртең, 7-июнда бардык маршруттук таксилердин айдоочулары жумушка чыгышат. Иш таштоо чек арадагы окуяларга байланыштуу көңүл бурулбай жаткандыктан токтотулган. Алар азыркы тариф менен сентябрь айына чейин иштешет, эгерде баалар көтөрүлбөсө кайрадан иш ташташмакчы.

Айдоочу учурда жол акысы 10 сом бойдон калтырылгандыгын айтты. Алар нарктын уруксатсыз көтөрүлүшүн туура эмес деп эсептешет.

Эске салсак, 2-июнда Бишкек шаарында маршруттук таксинин айдоочулары ишин таштап, жол кирени 10 сомдон 15 сомго көтөрүүнү суранышкан.