Марал Радиосу

Мэрияга Камчатск көчөсүн капиталдык оңдоодон өткөрүүнү сунушталды

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев өлкөнүн бир катар унаа жолдорун оңдоо жана куруу иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Мындан мурда министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жолдордун курулушун жана андагы жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштерин мониторингдөө тапшырмасын берген.

Сапардын жыйынтыгы боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бир катар тапшырмалар берилди. Тактап айтканда, борбор калаанын кире беришиндеги автоунаа агымын кыскартуу максатында, Бишкек шаарынын мэриясына Абакан көчөсүндө ондоп-бүтөө ишин жана Камчатск көчөсүндө капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү сунушталды.

Чүй облусунун Сокулук мамлекеттик администрациясына Новопавловка айылында ирригациялык тармакты орнотуу боюнча иштерди жүргүзүү тапшырылды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине үстүбүздөгү жылдын 1-августуна чейин Киркомстром аймагындагы (500 м) жолду, анын ичинде Ден Сяопин проспектиси менен Алыкулов көчөсүнүн кесилишинде (шаардын батыш тарабынан кире бериш) жайгашкан ирригациялык тармактарды реконструкциялоону жыйынтыктоосу тапшырылды. Белгилесек, бул маселе 2014-жылдан тарта чечилбей келген.