Марал Радиосу

6-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 6-июнда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, тоолуу райондорго кар түшөт. Ош, Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында жаан жаабайт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 17 .. 22, күндүз 34 .. 39;

Таласта түнкүсүн 15 .. 20, күндүз 33 .. 38;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 18 .. 23, күндүз 34 .. 39;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10 .. 15, күндүз 23 .. 28;

Нарын облусунда түнкүсүн 7 .. 9, күндүз 23 .. 25.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 18 .. 20, күндүз 35 .. 37 градус болот.