Марал Радиосу

Президентти коштогон кортеж кырсыкка кабылып, бир офицер каза тапты

Бүгүн, 4-июнда Президентти коштогон кортеждеги унаа кырсыкка кабылып, УКМКнын №9 кызматынын офицери каза тапты. Маалыматты Президенттин администрациясы тастыктады.

Белгилүү болгондой, Садыр Жапаров Ысык-Көл облусуна бараткан. Президентти коштогон кортеждеги бир унаа Ысык-Көл районунун Ананьево айылы туштан каршы тилкедеги унаа менен кагышкан. Каршы тарапка чыга калган унаанын айдоочусу мас абалында экени маалыматта айтылат. Кырсыктан үч адам жабыркаган.

Айта кетсек, Садыр Жапаровдун Ысык-Көл облусуна барары кабарланган эмес.