Марал Радиосу

Казакстан Тажикстанга ок-дары түрүндө жардам берет

Казакстандын Коргоо министрлиги Тажикстанга кайтарымсыз түрдө аскерий-техникалык жардам көрсөтүү тууралуу мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Мыйзам долбоору 17-июнга чейин коомдук талкууда болот.

Документте айтылгандай, Казакстан Тажикстанга 5,45 миллиметрлик 3 млн 240 даана патрон,  23 мм болгон 20 миң 76 даана патрон жана 10 миң даана (82 мм) минометтук ок-дары берет.