Марал Радиосу

«Акыркы көч» тасмасы Гонконгдогу эл аралык кинофестивалга катышат

«Акыркы көч» тасмасы Гонконгдогу Asia Film Art эл аралык кинофестивалына катышат. Бул тууралуу Кыргызстандын кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Кыргызстандык эки режиссёр Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулу тарткан тасма фестивалдын сынактык программасына тандалып алынган. «Акыркы көч» тасмасы менен катар ал сынактык программага Япония, Вьетнам, Кытай жана Индиядан келген 4 тасма кирген.

Кинофестиваль Гонконгдо 24-27-июнь күндөрү өтөт.

«Акыркы көч» тасмасы Ирандагы «Фажр» фестивалына катышат