Марал Радиосу

Инандыны издөө: БУУнун Кыргызстандагы өкүлүнө кайрылуу жолдонду (видео)

«Сапат» билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыны колдоо митингине чыккандар Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы кеңсесине барышты.

Алар БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Озонниа Ожиелого кайрылып, Инандыны табууга көмөктөшүүнү, адам укугунун корголушун өтүнүштү.

Орхан Инандынын уурдалганына төрт күн болду. Аны колдоо митинги бүгүн да уланууда. «Сапаттын» бүтүрүүчүлөрү Инандыны табууга бардык жарандарды көмөктөшүүгө чакырып, тапкандарга 1 млн доллар сый акы бермей болушту.

Митингге чыккандардын арасында «Сапат» мектептеринин бүтүрүүчүлөрү, алардын ата-энелери, мугалимдер жана башкалар бар, ошондой эле коомдук ишмерлер да келүүдө.

Президент Садыр Жапаров да дайынсыз жоголгон кыргыз жаранын издөө боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жана ИИМге тапшырма берген.

Ички иштер министрлиги бул факты боюнча «адам уурдоо» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Орхан Инанды 1968-жылы Түркияда Кахраманмараш шаарынын Андырын районунда туулган. Анкарадагы жогорку окуу жайлардын биринде тарых адистиги боюнча билим алган. Кыргызстанга келгенге чейин Анкара, Трабзон шаарларында мугалим, мектеп директору болуп иштеген.

Орхан Инанды Кыргызстанда 1995-жылдан бери эмгектенет. 2001-жылдан бери «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин президенти. Кыргыз Республикасынын билим берүү системасына кошкон салымы үчүн 2002-жылы «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги» төш белгиси, Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы жана 2003-жылы «Даңк» медалы менен сыйланган.

Ал Кыргыз Республикасынын жараны. Учурда 53 жашта. Эки кыз, эки уулдун атасы.