Тойгонбай Абдыкаров Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду.
Юстиция министрлигинин ачык базасынан алынган маалыматка ылайык, Тойгонбай Абдыкаров — «Транс-Бутик» ЖЧКсынын директору.
Президенттин дагы бир жарлыгы менен комиссияны буга чейин жетектеп келген Медер Карабаев ээлеген ордунан бошотулду.