Марал Радиосу

Тазабек Икрамов парламенттин Эл аралык иштер комитетине төрага болду

Депутат Тазабек Икрамов парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы болуп шайланды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган комитеттин төрагасын шайлоо бүгүн, 3-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында өтүп, ал кызматка Мамасадык Бакиров менен Тазабек Икрамовдун талапкерлиги сунушталган.

Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Тазабек Икрамов 73 добуш алган. Ал эми Бакировго 31 депутат добуш берген.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган комитетти Исхак Пирматов жетектеп келген. Май айында ал депутаттык мандатын тапшырган.