Марал Радиосу

Муфтиятта халал иштерин өнүктүрүү бөлүмү ачылды

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында халал иштерин өнүктүрүү бөлүмү ачылды. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Аталган бөлүмдүн башчылыгына Бактияр ажы Токтогазы уулу дайындалган. Тиешелүү буйрукка муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев кол койгон.

Муфтияттан белгилешкендей, жаңы бөлүм Экономика министрлигинин техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармалыгынын халал индустрия бөлүмү менен тыгыз кызматташып иштейт.