Марал Радиосу

Орхан Инандыны таап берем деп алдап кеткен жаран кармалды

Орхан Инандыны таап берем деп, анын жакындарын алдап кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясы билдирди.

Кечээ, 2-июнда Бишкек шаардык милициясына Түркиянын М.А. аттуу жараны арыз менен кайрылган. Маалым болгондой, өзүн УКМКнын кызматкеримин деп тааныштырган белгисиз жаран «Сапат» билим берүү мекемелеринин президенти Орхан Инандыны таап берүүгө убада кылып, «Субару Импреза» унаасын жана 50 миң долларын алып кеткен.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренин 3-бөлүгү (Ири өлчөмдөгү алдамчылык) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, шектүүнү издөө башталган.

Милиция кызматкерлери бул ишке шектүү катары Ош облусунун 27 жаштагы тургунун кармашкан. Тинтүү учурунда «Субару Импреза» унаасы, 50 миң доллар, аны менен бирге ок-дарылары бар травматикалык тапанча, 12 патрон табылган. Шектүү буга чейин соттолуп, учурда эч жерде иштеген эмес.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Азыркы тапта шектүүнүн башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу текшерилүүдө.