Марал Радиосу

Рахмон менен Пакистандын президенти CASA-1000 долбоорун талкуулады

Electricity pylon

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Пакистандын президенти Арифа Алви CASA-1000 долбоорун талкуулады. Бул тууралуу tj.sputniknews.ru агенттиги  жазды.

Белгилей кетсек, Рахмон Пакистанда эки күндүк расмий сапары менен жүрөт.

Жолугушууда башкы маселелердин бири катары CASA-1000 долбоорун ишке ашыруу талкууланган. Бул долбоор Тажикстандан Пакистандын Карачи жана Гвадар портторуна транзиттик жана транспорттук коридорлорду түзүүдө жана энергетикалык кызматташтыкты өнүктүрүүдө башкы роль ойной тургандыгы белгиленген.

Эскерте кетсек, CASA-1000 — Кыргызстан менен Тажикстандын Ооганстан менен Пакистанга электр энергиясын экспорттоосуна багытталган долбоору.