Марал Радиосу

Жогорку Кеңешке дагы бир жаңы депутат келди

Жогорку Кеӊешке дагы бир жаңы депутат келди. Ал — «Бир Бол» саясий партиясынын тизмеси менен мандат алган Арысланбек Акбаров.

Жаңы депутат башка кызматка дайындалганына байланыштуу депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган Акылбек Жапаровдун ордуна келди.

Мыйзамга ылайык, депутат парламентте ант берген соӊ, өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

Акылбек Жапаров 1-июнда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Экономика жана финансы министри болуп дайындалды. Бул кызматты ээлеп турган Улукбек Кармышаков Президенттин администрациясынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды.