Марал Радиосу

Оман булуңунда Ирандын аскер кемеси өрттөнүп, чөгүп кетти

Оман булуңунда машыгууда жүргөн Ирандын аскер-деңиз күчтөрүнүн Kharg кемеси өрттөнүп, чөгүп кетти. Бул тууралуу telegraf.by сайты жазды.

Маалыматка караганда, кемеде өрт 2-июнга караган түнү саат 02:25те башталган. Аны өчүрүү аракеттери жыйынтык бербей, кеме чөгүп кеткен.

Кеменин экипажы жээкке аман-эсен куткарылган.

Kharg кемеси 1977-жылы Улуу Британияда курулуп, жүк ташуу жана тик учактар конуп-учуусу үчүн колдонулуп келген.